Бишкектеги жылуулук 18-октябрда бериле баштайт. Буга ылайык жарлыкка баш калаанын мэри Азиз Суракматов кол койду.

Жакында эле Нацэноргилдгтин адистери Бишкектин ЖЭБи жылуулук берүүгө даярдыгын айтышкан.

Гидрометеорология боюнча агенттигинин маалыматы боюнча республикада абанын температурасы +5тен +14 чейин күтүлөт. Тоолу аймактарда -1 чейин түшөт.

2011-жылдын 20-октябрында Бишкектин мэриясы кабыл алынган жарлык боюнча 5 күндүн ичинде аба ырайы +8 °C чейин түшсө, калаада жылуулук бериле баштайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.