Боом капчыгайында 136 жана 141 чакырымында оңдоп-түзөө иштери үчүн жол жабылды. Бул тууралуу жол жана транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жол кызматы аталган чакырымдарда сууну өткөрүүчү түтүктөрдү орноштурат. Оңдоо иштери жүрүп жатканда жол бир тараптуу жабылат.

130-147 чакырымдагы жол Боомдо татаал болуп саналат. Бир тараптан Чу, экинчи тараптан тоолор кысып турат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.