Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына утурлай, III Эл аралык Ысык-Көл форумуна дүйнөдөгү 20дан ашык мамлекетинен келген өкүлдөр катышты. Анын жыйынтыгында адабият таануучулар, талдоочулар, жазуучу жана коомдук ишмерлер резолюцияга бир нече жаӊы сунуштарды кабыл алууга колдоо көрсөттү.

Анда мындан ары да Ысык-Көл шеринесин улантуу, БУУнун колдоосу менен жогорку бийликке «Бириккен эл аралык комитетин» түзүү, Германиянын Берлин шаарына «Айтматовдун клубун» ачуу, «Ч.Айтматов атындагы орден» мамлекеттик сыйлыгы, Бишкек шаарына жазуучунун ысымы ыйгарылган эл аралык институтту ачуу жана башка сунуштар колдоо тапты. Эӊ негизгиси бул азыркы болуп жаткан, экология, адамзат, ааламдаштыруу сыяктуу глобалдык маселени чечүүдө айтылып эле тим болбостон ага чара көрүлүш керек.

“Чындыгында жакшы идеялар болду. Ысык-Көл шеринесин эми 2 жылда же 3 жылда бир жолудан өткөрүп турууну документке киргизип жатабыз. Андан сырткары Бишкек шаарына эл аралык Ч.Айтматов институтун түзүү керектиги Төрөкуловичтин үй бүлөсү тарабынан сунушталып жатат. Мындай сунуштарды форумдун катышкандардын көпчулүгү колдоп жатышат. Ошондой эле чет өлкөдөгү элчиликтер Ч.Айтматовдун оордун БУУнун, ЮНЕСКО нун тармагына таратабыз деп жатышат. Демек бул ишке ашса, кайрылып элге жетет”, – деди профессор Осмонакун Ибраимов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.