Ысык-Көл облусундагы эл аралык маанидеги Түп –Кеген жолу 10 жылдан бери курулуп келе жатат. Учурда 76 чакырымдын 39 км бүткөрүлүп, калганы токтоп турган. Эми дүйнөлүк банктын каржылоосу менен курулуш иштери улана тургандыгын Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин Ысык-Көлдөгү башчысы Кудайкул Күчүков билдирди.

Маалыматка ылайык, Түп-Кеген жолунун курулуш иштери толук бүтсө, түндүк региондор арасында коӊшу өлкөлөр менен байланыштырчу негизги кире турган жол болот. Андан сырткары Балыкчы шаары аркылуу курулуп жаткан түндүк түштүк жолу да кошулуп, Кытай, Хоргос, Казакстанга чыгууга жол ачат. Азыркы тапта жогорку кеӊеш ратификацияны кабыл алуусу күтүлүүдө.

«Түп –Кеген жолунда 2008-жылдан бери курулуш иштери жүргүзүлүп келүүдө. Бирок, жакынкы жылдардан бери каражаттын жоктугунан 37 чакырым, андан сырткары жол белгилер, тратуарлар бүтпөй калган. Андыктан дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүрүп, алар 55 миллион доллар бөлүп берүүдө. Жылдын башталышы менен жогорку бийлик колдоп берсе, февраль айынан тарта жумуш башталат»,-деди Күчүков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.