Ош шаарында жаңы окуу жылга карата №18 мектеп гимназиясына кошумча 630 орундуу окуу имараты пайдаланууга берүү пландалып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, куруруш Өзбекстандын каржылоосу менен ишке ашырылып жатат.

Учурда жаңы курулуп жаткан үч кабаттуу мектептин окуу корпусунун дубалы толук тургузулуп үстү жабылып бүткөрүлгөн. Тургузулган окуу корпусунун, спорт залдын, ашкана жана жыйындар залынын ичиндеги актап сырдоо иштери жасалып жатат. Ошондой эле, мектептин сыртындагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери да кызуу жүрүүдө.

Мындан сырткары мектептин ичине коюлуучу эмеректерди жана башка керектүү жабдыктарды  Өзбекистандан алып келишүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.