Узакка созулган кургак жана жылуу аба-ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба- ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 7-октябрда күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

8-10-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-9-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8…13°, күндүз 13…18°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 8…13° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз 0…5° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

9-10-октябрда түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.