Баткен облусунун Лейлек районундагы сел кырсыгынын кесепеттерин  жоюу иш жеринде көзөмөлдөө максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов иш-сапарда жүрөт. Бул тууралу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-сапардын жүрүшүндө Мирзахмедов селден турак жайлары жабыркаган жарандардын абалы менен жеринен таанышууда. Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иш-аракеттеди жүргүүнү тапшырды.

 Жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда, ӨКМ башчысы турак-жайларды камсыздандыруу керек экендигин белгилеп өттү. Ошондой эле, кырсыктын кесепеттерин жоюуга бардык күч аракеттер жумшаларын билдирип, түнү-күнү тынбай иштеп жаткан куткаруучуларга алкыш айтты.

Эскерте кетсек, Лейлек району. 2018-жылдын 13-майында саат 17:15 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүргөн. Лейлек районунда катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен балдар бакчалардын, үйлөрдүн жер төлөөлөрүнө суу кирген.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу максатында 2018-жылдын 13 май күнү райондук жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, райондук мамлекеттик администрациясынын “Лейлек районунун аймагында өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү жөнүндө”  буйругу чыккан. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.