“Кумтөр Голд Компани” ЖАКнун жана «FSDS» КФнун “Ысык-Көл облусунун айылдагы жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында көл аймагындагы беш айылдын жаштары өзүнүн бизнесин ишке ашырууга же жабдууларды сатып алууга мүмкүнчүлүк алды. Долбоор Тоң жана Жети-Өгүздүн жаштарын жана жаш үй-бүлөлөрдүн экономикалык ишмердүүлүгүн колдоп жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.

Жалпысында 27 идея кабыл алынып, анын ичинен гранттык комиссия 10 тандаган. Аларды Кумтөр 17,5 миң АКШ долларга каржылайт. Тоң жана Жети-Өгүз районундагы айылдарды камтыган долбоордун алкагында жаш ишкерлер бизнести ишке ашырып өнүктүрүү боюнча тренингтерге катышып, консультациялык жардамды алышты.

«Мен мурда сулуулук салонунда иштегенмин. Өзүмдүн бизнесимди баштоосуна көп каражат керек деп ойлоп жүргөм. Бизнести пландоо тренингине катышып, мен маркетингтин жана бизнес-долбоорлорду даярдоо негиздерине үйрөндүм. Мен өзүмдүн бизнесимди баштоо боюнча ойлонуп жүргөм, бирок жабдууларды алганга каражатым жеткен жок. Чакан бизнести колдогон долбоордо гранттык жардам берилет экенин билгенден кийин, бизнес идеямды жазып, конкурска катыштым. Конкурстук комиссия менин долбоорумду колдоп, салонумдун толук иштөөсүнө 138 миң сомго жабдуулар алынды. Мен өзүмдүн бизнесим менен башкарып, жумушка кызматкерлерди алып Бөкөнбаев айылынын тургундарына жаңы кызмат көрсөтүүгө даярбыз», – деп “Сезим” сулуулук салонунун кожойкеси Каныкей Женишбекова айтып берди.

“Сезим” сулуулук салону жыл бою 15 миң жаранды тейлегенге даяр. Каныкейдин жүздөгөн айылдаштары салондун туруктуу кардары болду. Салондун кызматынын акысы 50-150 сомдон ашпайт. Келечекте бизнести кеңейтүү боюнча ойлор бар – анткени Тоң районунда 45 миң адам жашайт.

Каныкейдин айылдашы Нурсултан Чойтонбаевдин үй-бүлөсү көп жылдан бери көлдүн жээгинде участокту ижарага алып туристтик тармакта иштейт. Участок Каракол-Балыкчы-Бишкек жолунда жайгашат.

«Эң негизги маселе – жолдун четиндеги дааратканалардын жоктугу. Бул айлана чөйрөнүн абалына жаман таасир берет. Ошондуктан мен экологияга таасир бербеген дааратканы куруу боюнча долбоорду даярдадым. Курулуш колдонууда экологияга таасир бербейт. Бизнести пландаштыруу боюнча тренингине катышуудан сырткары, мен Кыргызстандын түштүгүнө барып келдим. Бул саякат мага тажрыйбалуу болду. Туштүктөгү бизнес-долбоорлор биздикинен аябай айырмаланат экен, ошондуктан, мен көп нерсени өзгөртөм. Мен көптөгөн идеяларды ойлоп таптым», – деди жаш ишкер.

Кумтөр менен «FSDS» КФнун биргелешкен долбоорунун жардамы менен Барскоондук Айнура Усупова өзүнүн сулуулук салонуна керектүү жабдууларды алды. Айнура менен салондо 2 адис иштейт.

«Биздин кызматттарыбыздын түрү кеңейди, азыр бир нече кардарларды бир убакытта тейлей алабыз. Кээ бир кардарлар маникюр менен кызыкчы, бирок бизде керектүү жабдуу жок болчу. Бизнести өнүктүрүү үчүн дагы кызматкерлерди жумушка алам деп пландарштырып жүрөм», – деп өзүнүн пландары менен Айнура бөлүштү.

Анын айтымында, Барскоондо церебладык параличи бар балдарга жардам берген уюм бар.

«Биз бул балдарды бекер тейлейбиз. Алар чоңойгондо жумуш тапканга оор деп ойлойм. Мен БЦП бар балдардар кызыкча чач-тарачтын устачылыгына үйрөтөм деген оюм бар. Эгерде үйрөнүп кетишсе, жумуш тапканга оңой болот деп ойлойм», – деп Усупова үмүттөнөт.

 «Мен мал чарбачылыгында сегиз жылдан бери иштейм. Сүттү көп берген тукумду уйлар мене кызыгып жүрөм. Менин бизнес-долбоорумду колдогон гранттын жардамы менен, мен тукумду эки уйду сатып алдым», деп Тоңдук Нурлан Базаркулов айтты.

Тренингге катышкан көлдүк жаштар бинес-долбоорлорун ишке ашырууга жаңы идеяларды ойлоп табышты.

«Жайында малды тоодогу жайлоого айдап кетишет. Мен уйларыдмды жайында да үйдө кармап, сүт менен бала бакчаларды, мейманканаларды камсыздайм. Азыр менде үч үй бар, мен алардын санын көбөйтүп, сүттүн көлөмүн жогорулатам», – деди Базаркулов.

Эскертсек, кичи-гранттар ар түрдү тармактагы бизнес долбоорлорду колдоого багытталат. Көл аймагындагы тигүүчүлөр көңүлсүз калган жок.

«Мен тапшырыктарды үйдөн алып бир тигүүчү машина менен баштагам. Мен муну бизнеске айландыруу боюнча идеяны ойлоп таптым. Дагы тигүүчү машиналарды сатып алып, жумуш издеп жүргөн жаш кыздарды чакырдым. Бизнести пландаштыруу боюнча тренинг жөнүндө уккандан кийин, катышуу боюнча чечимди кабыл алдым. Тренингтин жыйынтыгында менин долбоорумду кичи-грант менен колдошту. Азыр биз ортомчулар аркылуу Бишкектен тапшырыктарды алып жатабыз. Өндүрүүчү ресурстарыбыз чектелгендиктен бизде көп тапшырыктарды алганга мүмкүн жок болчу. Азыр бизде көбүрөөк кийим тигип, кызматкерлердин санын көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк бар», – деп Боконбаев айылынын тургуну Нургуль Бектурганова айтып берди.

Азыркы тапта цехте без кызматкер эмгектенип, күнүнө 170 кийим комплектин тигишет. Даяр буюмдарды керектөөчүлөр баалайт, цехтин продукциясы чет мамлекеттерге экспортко чыгарылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.