Кыргызстан Өзбекстан менен чек арадагы участоктор мене аламашууну макуладштырды. Тактап айтканда, кошуна мамлекетке Барак анклавы  өткөрүлүп берет, анын ордуна Кыргызстан берилген жерге тең участок алат.

Ош облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн орун басары Байыш Юсуповдун  айтымында, эки мамлекет чек араны демаркациялоо жана делимитизациялоо боюнча суроолорду чечип, жыйынтыгында чек арадагы участоктор менен алмашуу боюнча чечимге келишти.

“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Кыргызстандын Барак анклавы кошуналарга өтөт. Өзбекстан Ош облусундагы Ак-Таш айыл аймагынын чек арасынан анклавга тең жерди берет”, – Юсупов кабарлады.

Комиссиянын өкүлүнүн айтымында, чек аранын делимитациялоо процессин 2018-жылы бүтүп, 2019-жылы демаркациялоо процесси башталат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.