КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча иштерге коомчулук тарабынан нааразычылык көп.

«Узун кезектер, документтерди өз убагында бербөө жана процесстердин бюрократиялашуусу биздин жарандар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратат. Буга байланыштуу МКК караштуу Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жана Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментин жоюу жана анын базасында жаңы «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзүү чечими кабыл алынды», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, адамдык факторду жоюу үчүн биринчи кезекте «Унаа» ММ ишмердигин толук автоматташтырууну камсыздоо зарыл – бардык маалыматтык базалар электрондук түргө келтирилиши керек.

Мындан тышкары «Унаа» ММ түзүү бир катар маселелерди чечүүнү шарттай турганы айтылды, алсак:

  • транспортук каражаттарга каттоо документтерин берүүдө, айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка бланкалык продукцияларды персонификациялоодо бирдиктүү терезени түзүү;
  • мамлекеттик тейлөө кызматын алуучулар менен аткаруучулардын физикалык өз-ара аракеттешүүсүн калкты тейлөө борборлору аналогиясында жоюу.

Буга катар ал төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • кызматкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, калкка социалдык маанилүү мамлекеттик тейлөө көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана материалдык-техникалык жабдуу маселесин чечүү;
  • ишти үзгүлтүксүз өркүндөтүү максатында жаңы маалыматтык технологияларды каржылоо;
  • айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн квалификациялык экзамендерди кабыл алууга жана өткөрүүгө белгилүү жактарды кое берүүдө адамдык факторлордун жоюулушу;
  • катталган транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамдын актуалдуу маалыматтык базасын түзүү;
  • транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоого алууга жоопкер ведомствого караштуу бир органды түзүү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.