2018-жылдын январь-июлунда кыргызстандыктардын орточо айлык акысы 15 миң 765 сомду
түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Өткөн жылдын август-июлу менен салыштырмалуу, айлыктар 6,7% жогорулаган. Эң жогорку айлыкты Бишкек шаарынын тургундары алат – 20 миң 800 сом. Баш калаадан кийин Нарын (15 миң) жана Жалал-Абад (14 миң) облусу кетет. Төмөңкү маяна Ош облусунда – 10 миң сом.

Экономикалык ишмердиктин түрү боюнча жогорку айлык акы финансы тармагынын кызматкерлери алат – 34 миң сом. Маалымат жана байланыш тармагындагы орточо айлыктар 31 миң сомду тузөт.

Билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын кызматкерлеринин орточо айлыктары 11 миң сомдон ашпайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.