Бир катар маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлыктары 80%га көтөрүлдү. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма соз кызматы билдирет.

Бул чечим маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынды.

Буга байланыштуу өкмөттүн токтомуна жараша маданият маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин маянасынын эселик коэфициентине 1,8 өлчөмүндө өзгөртүүлөр киргизилген:

  • Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын;
  • Ч.Айтматов атындагы КР мамлекеттик улуттук орус драма театрынын;
  • С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, КР улуттук тарых музейинин;
  • Улуттук тарых музейинин;
  • Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук керкем сурет искусство музейинин;
  • «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин;
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине караштуу Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын.

Мындан тышкары, төмөнкү мекемелердин профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмү 80%га көбөйтүлдү:

  • Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын;
  • М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуужайынын;
  • С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик керкем сурет окуу жайынын;
  • Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.