Каракол шаарынын борбордук бөлүгүнө тургузулган Арык Мырзанын эстелиги коомчулук арасында талкуу жаратты. Бул айкелди тургузууга жалпы 7 миллион сом сарпталып, ага каалоочулар марафон аркылуу акча чогулткан эле.

Каракол шаарынын жергиликтүү жашоочусу эсеп кысап тармагында иштеген пенсионер Сагынбек Бектуров бул акчалар ысырачылыкка жумшалгандыгын билдирди.

“Менимче Ак-Суу элинен чыккан Арык Мырзанын 450 жылдыгына карата марафон өткөрүлүп, элден жана демөөрчүлөрдөн бир топ акча чогулган. Айкелге 7 миллион сом жумшалды. Бирок, андан сырткаркы той өткөргөндө эмне деген ысырапкерчилик алып келди. Ак-Суу районуна 150дөн ашык боз үй тигилип, мал союлуусуна да чоӊ каражат жумшалды. Менимче кеткен чыгымга социалдык мекеме куруп, эстеликтин ысымын берип койсо деле жаман болмок эмес”, – деди активист.

Ал эми мындай эстеликтер, архитектуралык курулуштар Каракол шаары боюнча бүгүнкү күндө 44 жетти. Анын 5 мамлекеттик мааниге ээ болсо, 39 жергиликтүү бийликтин балансына катталган. Мындай айкелдер тескеринен туризмди жандандырууга шарт түзөрүн Каракол шаарынын маданият бөлүм башчысы Алик Асанов билдирди.

«Албетте мунун актуалдуулугу жогору жана маанисин эч качан жоготпойт. Себеби бул тарых, эртеӊки күнү урпактарыбыз билиши керек. Андан сырткары мен 5ке жакын мамлекетке чыгып маданияты менен таанышып келдим. Ал жакта адамдын айкели эмес, жаныбарлардын да сөлөкөттөрү орун алган. Демек, Ысык-Көлгө канчалык тарыхый маанидеги эстеликтер курулса, анда туризмдин өсүүсүнө да чоӊ таасир калтырат», деди А.Асанов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.