Кыргыз өкмөтү социалдык төлөмдөр механизмин оптималдаштыруу жана жарандардын айрым категорияларына даректүү көмөк көрсөтүүнү оптималдаштыруу боюнча иштер улантылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынынын жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт социалдык коргоо тутумун санариптештирүү үстүндө иш алып барат. Көп балалуу үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга, өзгөчө  мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата социалдык тейлөө тармагы кеңейтилет.

«Алсак, «балага сүйүнчү» жөлөк пулуна тийиштүү билдирсек, аны бирдиктүү терезе принциби боюнча тариздөө пландаштырылууда, мында мамкаттоо органдары тараптан калктан арыз алынып, баланын туулгандыгы туралуу күбөлүгү кошо жасалат, башкача айтканда, «балага сүйүнчүнү» тариздөө жана акча каражаттарын которуу тездетилген режимде жүргүзүлөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр социалдык тейлөөлөрдүн талап кылынган түрүн, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын ийгиликтүү социалдык интеграцияланышы үчүн, алардын потенциалын ишке ашырууга бирдиктүү шарт түзүүчү даректик көмөк көрсөтүү механизмдерин  өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

«2019-жылы Кыргыз Республикасы тараптан БУУ Майыптардын укугу тууралуу конвенция ратификацияланышы күтүлүүдө. Аз камсмыздалган жана эмгекке жөндөмсүз жарандарга социалдык жөлөк пулдар толук жана өз учурунда төлөнүп берилет», – деп өкмөт башчысы кошумчалады.

Өкмөт башчынын айтымында, 2019-жылы билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу пландаштырылууда, эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү программасына балдарды тартууну көбөйтүү каралууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.