КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июлда, Ысык-Көл облусунда аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Абылгазиевтин айтымында, бүгүн Ысык-Көл облусунун жана Каракол шаарынын жетекчилиги бизнес коомчулук менен биргеликте аймактарды өнүктүрүү программасын сунуштап жатышат. Өкмөт бул демилгени колдоого даяр.
«Жаратылыштык-климаттык шарттар боюнча Ысык-Көл облусунун таяныч кластери туризм болуп саналат. Каракол шаары үчүн – туризм тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу артыкчылыктуу багыт. Буга байланыштуу туристтик кызматтарды көрсөтүү деңгээлин, инфраструктураларды жана коммуникацияларды жогорулатуу зарыл. Ошону менен бирге аймактын айыл чарбасын өнүктүрүү потенциалы зор деп эсептейбиз» – деп өкмөт башчысы белгиледи.
Премьер-министр белгилегендей, багыттар жарандардын жетиштүүлүгүн жогорулатууга жана жашоо шарттарын, демографиялык,   көрсөткүчтөрдү жакшыртууга, экономикалык жана экологиялык өнүгүүгө  максатталган.
«Биздин алдыбызда өнүгүү түйүндөрүнө таянуу аркылуу аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүүнү камсыздоо милдети турат. Башкы максат – географиялык жайгашуусуна жана климаттык шарттарына карабастан, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү бардык аймактарга жеткиликтүү болушу шарт. Өнүгүү түйүндөрү эсептелген 20 шаарды өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу өлкөнүн экономикалык багытынын башаты болот», – деп премьер-министр баса көрсөттү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.