Социалдык тартмактарында Кыргызстандагы кытай жарандарынын укук бузган иш-аракеттери тууралуу түрдүү маалымат жайылтып жаткандыктан, УКМК атайын текшерүү иштерин баштады.  Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Чагымчыл кабарларды жайылткан адамдар кармалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

“Деструктивдүү күчтөр атайын материалдарды даярдап таратып, коомчулуктун оюн башка нукка буруп, Кыргызстандагы кырдаалдын туруктуулугун бузуу максатын көздөп жатышат. Ошону менен бир катарда, 2015-жылы Казакстанда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн алты жашар кыздын тартылган видеосу бар, бул иш боюнча күнөөлүү адамдар кармалып, соттолгон”, – деп маалыматта белгиленген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.