УКМК буга чейин козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө Ош шаардык мэриясынын кызматтык адамдары жана турак-жай комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) адамдарга батирлерди берүүдө мыйзам бузган фактысын аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Такталган боюнча 2017-жылы Ош мэринин токтому менен “Анар” кичирайонунда көп кабаттуу үйдө 66 батир ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бөлүнүп берилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 8 адамдын кыймылсыз мүлкү жоктугу тууралуу маалым каты жасалма экендиги аныкталыган. 32 адам батир алганга чейин Бишкек шаарында, Ош, Жалал-абад областтарында өздүк турак-жайларда жашап келишкен.

Муну менен катар 9 адам 3-топтогу майыптыгы менен батирди мыйзамсыз алышкан. Анткени, КР турак-жай кодексине ылайык 1-жана 2-топтогу майыптар гана кезексиз батир алуу укугуна ээ болот.

Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан КР кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана.315 -беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык жасалмакерчилик) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тергөө жүрүп жатат

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.