Ысык-Көл облусунун тургундары түнкүсүн мал жандыктарын бош коюуда. Бул көрүнүш Каракол Бишкек, Балыкчы- Чолпон-Ата Каракол унаа жолунда жүргөн айдоочуларга түйшүк алып келип жатат.

Алардын ичинен 8 жылдан бери жүргүнчүлөрдү ташыган Алмазбек Айтиев буларга токтолду:

“Ысык-Көлдүн тегерегинде күн менен түндүн айырмасы болбой калды. Анткени жол жээктеринде жашаган жашоочулар уй, жылкыларын бош коюда. Биз барыбыз эле микроавтобустарды ижарага алып иштейбиз. Кокустан бир малды сүзүп алсак унааны кеминде 100 миң сомго жасайбыз. Эгер өлгөн малды сатсак араң дегенде 10-15 миңге бааланат”, деди ал.

Ал эми облустук автобазанын жетекчисинин орун басаары Өмүрбек Жанузаков күнүнө 58 авто унаа чыкса, анын ичинен 48 шаардын четинде каттайт.

“Коомдук транспортту башкаруучуларга түн ичинде малдын бош жүрүүсү түйшүк жаратууда. Мал ээлерине кайрылат элек айрыкча түнкүсүн бош койбосо. Себеби 12 чоң сыйымдуу автобуска, кичи автобустарга залалын тийгизиши мүмкүн”, деди. Ө. Жанузаков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.