Ысык-Көл облусу боюнча 11 жылдын ичинде 200 адам жабык түрдөгү абактарда кыйноого дуушар болушкан. Бирок, тиешелүү арыз бонча бир да кызматкерге кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралу «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдан бери кыйноого каршы канчалык күрөшкөн менен, жаза аткаруу абактарда, убактылуу кармоочу жайларда сандык көрсөткүч кыскарган жок. Тескеринен 20 арыздын ичинен 2 иш прокуратура тарабынан каралашы мүмкүн. Бирок, айрым кызматкердерге кылмыш иши козголсо да, жаза алган факт боло элек. Укук коргоочу мындай кырдалдын бир нече мисалын санап өттү.

«Ысык-Көл облусу боюнча кыйноого кабылгандар саны жыл санап өсүп жаткандыгы өкүндүрөт. Жарандын көпчүлүгү жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин арыз менен кайрылып, убакытты уттуруп жиберүүдө. Ал учурда денесине келтирилген далил тактар жок болуп чыгат. Кыйноонун курмандыгы болгондор убагын арыз жазбаганынын себеби, жабык абактада мүмкүнчүлүгү чектелип калат. Мисалы арыз жазууга кагаз ручка берилбейт, эгер түрмөдөн кат жазган күндө дагы ал бизге жетпей калышы ыктымал. Эгер убактылуу кармоочу жайлардан түшкөн кайрылууларды анализдеп көрсөк, ал жактан мыйзам бузган органдарга кылмыш иши козголот. Бирок, териштирүү иштерин жүргүзө келгенде кайрадан иш сотко жетпей жабылып калууда. Мен бул пикир менен 200 арыздын бирине да КР 305-берененин 1-бөлүмү бюнча кылмыш козголгон жок деп айта алам»,-деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.