Ысык-Көл облусундагы айрым курортттук эс алуу жайларга видео көзөмөл орнотула баштайт. Ал келээрки 2019-жылдын туристтик мезгилинде коомдук коопсуздукту сактоого карата ишке ашат. Бул тууралуу ОИИБ басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов маалымдады.

Анын баамында 2019-жылдын жайкы эс алуу мезгилинде коопсуздук сактап, кылмыш ишинин алдын алуу боюнча ноябрь, декабрь айынан баштап иш пландар түзүлө баштайт. Анын катарына пансионат ээлерине виде байкоо орнотуу да сунушталат.

«Быйылкы жайкы туристтик мезгил негизинен тынч өттү. Себеби, 2017-жылдын жайкы мөөнөтүнө карата кылмыштуулуктун саны да 21 учурга аз катталып, быйылкы 11 факт боюнча өз учурунда чара көрүлдү. Бул жакта көбүнчө уурулук фактылары аныкталып, аларын бетин ачуу менен иш сотко өткөрулүп берилди. Ошондуктан бул жылдагы кемчиликтердин алдын алуу боюнча жакынкы айларда иш-пландарды беките баштайбыз. Биз сунуш катары курорттук зонадагы эс алуу жайларга видео көзөмөлдү толук канду орнтууну да сунуштайбыз. Эгерде ал ишке ашса кылмыштуулуктун саны дагы азаймак», деди ал.

Эскертек кетсек, 2017-жылдын жайкы туристтикмезгилинде чет элдик жарандарга карата жалпы 32 кылмыш иши катталса, быйылкы сезондо кылмыштуулуктун саны 21 учурга аз.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.