Ысык-Көл облусундагы “Каракол” тоо лыжа базасында кышкы туризм быйыл эрте ачылды. Бирок, азыркы мезгилде батыш өлкөлөрү менен Орусиядан келген туристтер аз санда. Бул тууралуу “Каракол” тоо лыжа базасынын аткаруучу жетекчиси Евгения Ковалева билдирди.

Анын айтымында лыжа сүйүүчүлөр азырынча Казакстан менен Бишкек шаарынан келип жатышат. Анын ичинен басымдуу бөлүгү жергиликтүү тургундар.

«Биз кышкы туризмди өткөн жылга салыштырмалуу эрте ачтык. Анткени быйыл аба ырайы жакшы, тоодо кар бар. Ачылыш аземге эс алуучулар жакшы келип беришти.. Азырынча массалык келип жатат деп айта албайбыз. Анткени туристтер жыл башынан февралдын ортосуна чейин жакшы келишет. Бизде жатакана, тамак аш, лыжа, конатка жолдорунан маселе жок. Бир гана туристтерди күтүп жылуу маанайда тозуп алышыбыз керек», деди Е.Ковалева.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.