Ысык-Көл облусунун бардык айыл өкмөттөр ички жана сырткы миграция боюнча штаб түзө баштады. Бул боюнча жумушчу топ, балдарга карата зордук зомбулуктан, ырайымсыз мамиледен алыс кылуу максатын көздөйт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг бөлүмүнүн башчысы Элнура Чыдынова билдирди.

Анын айтымында үстүбүздөгү жылдын 10 айында мигранттардын саны 4 миң 112 адамды түзгөн. Анын ичинен 2 миң 748 жаран чет өлкөгө чыгып кетсе, 1 миң 364 ички мигранттар. Бирок, бул көрсөткүч каттоого алынганы гана. Калгандары өздүгү боюнча маалымат берүүдөн баш тартышкан.

«Акыркы учурдан бери зрдук зомбулукка кабылган өспүрүмдөр мигранттардын балдары экендиги аныкталууда. Ошондуктан зордук зомбулуктун, ырайымсыз мамиленин алдын алуу үчүн ар бир айыл өкмөттө атайын штаб түзүлүп, жумушчу топ күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Эми жарандар мындан ары балдарын бирөөгө аманат катары калтырып кетээрде соттун же нотариустун чечимине башийет. Мунун аркасы менен канча адам чет жакка чыккандыгы таканыкталат», -деди Чыдынова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.