Быйылкы жылы Ысык-Көлдүн айлампа жолундагы 24 жерге видеокамералар коюлат. Ал жаӊы мыйзамга ылайык, жол кыймылындагы ич ара келишпестиктин алдын алууга багытталат. Бул тууралуу облустук ИИБ башчысы Октябрь Урманбетов билдирди.

Анын айтымында жол кыймылында эреже бузгандарды айып пулга жыгуу боюнча коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Ошондуктан жаңы кодекстер анын ичинен жол эежеси боюнча видео байкоолор далил болмокчу.

«Жыл башынан тартып күчүнө кирген 5 кодекс менен 2 мыйзам боюнча жер-жерлерде түшүндүрмө берилип жатат. Анын алкагында коомчулук арасында ар кандай нааразычылыктар да жаралууда. Алкагында айып пулдар боюнча да маселе бар. ошондуктан Эреже бузуу тууралуу кодексте жол эрежесин бузгандар жана кырсыктын алдын алуу үчүн Ысык-Көлдүн күӊгөй тескейиндеги жол жээктерине видеокөзөмөлдөр орнотулат», -деди Урманбетов

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.