Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун саны 51 учурга көбөйгөндүгү катталган. Бул боюнча облустук коллегияда маалым болду.

Анын айтымында быйылкы 9 айда мектеп жашындагылардын катыштыгы бар жалпы 148 кылмыш иши катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 51 учурга өскөн. Мындай көрсөткүч мектеп мугалимдери менен социалдык кызматкер натыйжалуу иш алып барбагандан келип чыкты.

“Бүгүнкү күндө ата-энеси жок балдар кароосуз калып ар кандай кылмыш иштери катталууда. Бул мектеп мугалимдери менен социалдык кызматкерлери жакшы иш алып барбаганынан кабар берет. Себеби алар кылмыштуулукту алдын алып, үйлөрүнө чейин барып профилактикалык иштерди жүргүзүш керек эле. Ошол эле мезгилде отчеттук текшерүү мезгилинде эки башка сандар чыгып жатат”, – деди облус жетекчисинин орун басаары Элмира Усенова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.