Ысык-Көл районунун Ананьево айыл аймагындагы христиан дининдеги православдардын көрүстөнү белгисиз адамдар тарабынан талкаланган. Каза болгон адамды мазактоо фактысы менен Жоруктар кодексинин 131-беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Облустук ИИБ басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында православдар мүрзөсүндөгү эстеликтерди акыл эси соо эмес, же мас адамдар жасашы мүмкүн деген божомол бар. Азыркы тапта Ананьево айыл аймагындагы жашоочулар арасында да сурамжылоо иштери жүргүзүлгөн.

«Үстүбүздөгү жылдын 11-январда чиркөөнүн кароолчусу менен диний кызматкер сыйынуу үчүн көрүстөнгө барышканда бир нече эстеликтер талкаланып турганын көрүшкөнүн кабарлаган. Бул боюнча милиция кызматкерлери 1,5 гектар аянтты ээлеген көрүстөндүн айланасын курчоого алып, иликтөө иштерин жүргуздү. Натыйжада жалпы 91 эстелик талкаланганы аныкталды. Анын 2 мрамордон тургузулса, калгандары жыгачтан жасалган. Азырынча милиция кызматкерлери жоруктар кодексин бузгандар мас абалындагы жарандар же окыл эси соо эмес адамдар жасашы мүмкүн деп алдыналаа жыйынтык чыгарууда. Анткени айыл ичинде сурамжы жүргүзгөндө буга чейин улуттар арасында эч кандай конфликт катталбаганы белигилүү болду»,-деди Усубакунов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.