Ысык-Көл облусунда 11 айдын жыйынтыгы менен өрт кырсыгы 50% пайызга кыскарды. Бул тууралу ӨКМнын Ысык-Көлдөгү башкармалыгынын убактылуу жетекчиси Тынар Муралиев билдирди.

Анын айтымында жыл башынан бери жалпы 318 өрт катталып, 57 миллион сомдук чыгым алып келди. Бул көрсөткүч 2017- жылдын 11 айына салыштырмалуу 50 пайызга азайган. Эми алдыда жаңы жылдык майрам болгондуктан жергиликтүү тургундар этият болуусун өтүнөт.

“Негизи мурдагы жылдарга салыштырмалуу өрт кырсыгы азайып калды. Бирок ошого карабай жашоочулардын шалаакылыгы кедергисин тийгизүүдө. Тилсиз жоо катталган жерди анализдей келгенде электр зымдарына кайдыгер карангандар, от жагуучу каражатты туура эмес пайдаланганынан чыгып жатат. Алдыда жаңы жылдык майрам келе жатат. Жашоочулар пиротехниканы этияттык менен колдонуусун өтүнөбүз” – деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.