Ысык-Көл облусунун Ак-Шыйрак сырт өрөөнүндө жапайы жырткычтар күч болууда. Бул тууралу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш айланалары департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлү Төлөгөн Үсөнбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак кыштагында ири малдарга карышкыр тие баштады. Бүгүнкү күндө 2 чарбадагы аңчылар иштеп баштады.

“Биздин департаментке жапайы жырткычтардын жандануусу сырт өрөөнүндө башталгандыгы кабар болду. Анда ири малдарга кол салуу фактлары катталыптыр. Ал эми башка облустарда азырынча маалымат келип түшө элек. Эгер кайрылуулар болсо бул кышка 5 бригада, 9 мергенчиликти сүйүүчүлөр тобунан 9 команда иш алып барат. Ал эми ок дарылар дароо эле чечилип берилет деп айтуудан алыспыз. Эгер айыл кыштактарда кандайдыр бир кутурма жырткычтар пайда болсо берилет. Андан сырткары өкмөттүн 89-токтому чыккан. Эгер бир карышкыр атылса 6 миң сомдук сыйлык берилет”, – деди Үсөнбаев.

Ал эми жапайы жырткычтар Тоӊ районунда да күч болуп жаткандыгын Тогуз-Булак айылынын мергенчисы Адилет Жумаканов билдирди. Анын айтымында аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам, тоодогу жапайы суурлар ийинге кирип кеткендигине байланыштуу карышкырлар айыл этектерине түшө баштады. Акыркы апта ичинде бир эле айылда 7 баш малга кол салуу фактысы катталды. Мындай кырдаалдан улам райондогу 15ке жакын мергенчилер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн ок, дары менен финансылык жактан колдоо сурап, азырынча жоо келе элек.

«Жылдагыга салыштырмалуу быйыл жапайы жырткычтар айыл электерине эрте түшүп жатат. Тоӊ районунун үстүӊкү өрөөнүндө 7 айыл бар болсо, анын ичинен Тогуз Булакта 6-7 баш малды жеп кетти. Азыркы тапта мергенчилер биргелешип тиешелүү кызматтагылардан керектүү каражатты камсыздосун суранып жатабыз. Бирок азырынча жоо боло элек. Ошентсе да өзүбүздүн эсебибиз менен 4-5 жолу мергенге чыгып, 1 карышкыр аттык. Ок, дары, финансылык каражатты сурап жатканыбыздын себеби, бир жолку аӊчылыкка чыгууга 3 бригадага 100 литр күйүүчү май керектелет», – деди Жумаканов.

Кошумчалай кетсек, өткөн 2018-жылдын кышкы мезгилинде Тоӊ өрөөнүндө карышкыр 50 малдын башын жеген. Бул көрсөткүч 1,5 миллион сомдук чыгым алып келген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.