Жалал-Абад облусунун бириктирилген клиникалык ооруканасынын тез жардам медициналык бөлүмүнүн  курулушу  бүткөрүү баскычында турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Оорукананын башкы дарыгери Жаныбек Карабаевдин айтымында, бөлүмдө  сегиз койка болот. Алгачкы (экстренный)  жардамдын кызматын аткарат. Курулушка Германиялык өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан 3 млн евро камсыздалган.

Тез жардам  бөлүмүнүн курулуш иштери, Кыргызстандагы «Би Интерьер Сервис» курулуш компаниясына тапшырылган.  Бөлүмдүн ачылышы 2018-жылдын октябрь айына  белгиленген.

Курулуштун салтанаттуу ачылышы 2017-жылдын 24-майында өткөн. Ал эми, Германия мамлекети менен Кыргызстандын медицина тармагындагы  кызматташуусу  2007–жылы  «Медициналык тез жардам кызматын  өнүктүрүү» программасы аркылуу башталган. Долбоордун экинчи баскычында Жалал-Абад облусунун  тез жардам кызматын өнүктүрүү үчүн:  бириктирилген ооруканада атайын бөлүм курууга жана техникалык жабдуулар менен камсыздоо  иштери аткарылууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.