2018-жылы Кыргызстанга 35 миң 215 (2017-жылы 41 миң 307) Кытай жараны кирип, ошол эле мезгилде 34 миң 436 (2017-жылы 40 миң 690) Кытай жараны чыгып кеткен. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда КР визасын 21 миң Кытай жараны алган, мунун 14 миң 492 электрондук виза. 2017-жылы 12 миң 310 виза алынган, (анын ичинде 1 миң электрондук виза), ошону менен бирге көп жолку виза алгандар Кыргызстанга бир календардык жылдын ичинде бир канча жолудан келип-кетишкен.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча убактылуу жашаганга уруксатты 12 миң (2017-жылы 18,3 миң) Кытай жараны алып, алардын ичинен 9,5 миң (2017-жылы 11,6 миң) Кытай жараны Кыргызстандын аймагында убактылуу иштегенге уруксаат алган.

Ошону менен бирге иш берүүчүлөр уруксатты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынан жыл сайын кайрадан алып турганга милдеттүү.

“Мындан тышкары 2010-2018-жылдары баардыгы болуп Кыргыз Республикасынын 60 жараны Кытай Эл Республикасынын жарандары менен расмий үй-бүлө курушкан (никелешүү тууралуу күбөлүктү алышкан). 2010-2018-жылдарда жалпысы болуп 268 Кытай жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Алардын ичинде 171 кыргыз, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай, 9 дунган жана 1 казак улутундагылар бар”, – деп билдирүүдө белгиленген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.