Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары айдоо жерлерди турак-жай салыш үчүн трансфорциялоо талабы менен өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп жатышат. Азырынча элүүгө жакын адам бийлик өкүлдөрү менен жолугушууну күтүп жатышат.

«Трансформация» коомдук бирикмесинин жетекчиси Бекназар Айталиевдин айтымында, маселени депутаттар 2017 жылдын аягында карамак. Бирок президенттин аппаратынан, өкмөттүн жана Жогорку Кеңштин өкүлдөрүн түзүлгөн макулдашуу комиссиясы процессти токтотуп жатышат.

“Мыйзамды талкуулаганда элдин оюн эске алышсын деп талап кылып жатабыз. Эгерде, коррупциялык тобокел болсо бизге айтышсын”, – деп Бекназаров жыйынтыктады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.