Оштогу “Достук” өткөрүүчү пунктунда дайым элдер толуп өтө албай калганын дайым жергиликтүү ЖМКры айтып турат. Чек арадагы маселени чечиш керек деп Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ар дайым Мамлекеттик чек ара кызматына кайрылат.

“Ош шаарындагы “Достук” өткөрүүчү пунктунун ишмердүүлүгү боюнча маселени мен мурда көтөргөм. Расмий каттарда жана жооптордо “баары туура иштейт” деп жазышат, бирок ЖМКнан карама-каршы маалыматтар келет…Өткөрүүчү пунктардын туурасы бир жарым метр, тор жана зым менен тосулган, жерге шагыл гана төгүлгөн, чатыры жок..” – деп депутат ачууланат.

Ал эми Ош облусунун ИИБы, чек арада кырдаал андай эмес деп маалыматтады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.