Екатеринбургда иштеген кыргыз аялдар көп айдан бери айлыктарын көргөн эмес. Маалымат мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүн коргоо долбоорунун ишенимдүү телефонуна тушкөн. Бул тууралуу “Европейско-азиатские новости” маалымат агенттиги билдирет.

Маселе тазалоочу ишканаларда пайда болгон. Маалымат боюнча, “Гринвич” соода борборун тейлеген тазалоочу ишкананын жетекчилиги Кыргызстандын жарандарына көп айдан бери айлыктарын төлөп берген эмес. Укук коргоочу органдарга жазылган арыз да жардам берген жок.

«Кырдаал татаал, азыр эч нерсе алмашкан жок. Тазалоочу компаниялар башка мамлекеттин жарандарын жумушка алуу эрежелерин бузушат. Жумушка алганда миграция кызматына кабарлабайт, эмгек келишимди туура эмес тузүшөт. Ошентип адамдарды алдап кетишет», — деп мигранттардын укук коргоочусу  Леонид Гришин айтып берди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийликтик маселени чечүүгө кызыкчылыгы жок.

«Биз көптөн бери кырдаалды оңдой албай жатабыз. Эмгек инспекциясына, миграциялык кызматына жана полицияга кайрылганбыз, бирок эч ким бул маселени чечкиси келген жок», — деп Гришин кошумчалады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.