КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, бүгүн, 18-июнда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Москва шаарынын борборунда КР жараны Чыңгыз Анарбек уулу унаа менен жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткени талкууга салынды. Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Россия Федерациясынын Ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушуусу пландалган жакынкы күндөрдөгү Россия Федерациясына жумушчу сапарында жабыркагандарды барып көрүүнү тапшырды.

 «Бул окуя Россиянын аймагында иштеген биздин жарандарыбыз үчүн куугунтуктоолор жана кысым көрсөтүүлөр үчүн себеп болбошу керек. Бул кырсык. Ошол эле учурда КР өкмөтүнүн атынан жол кырсыгынан жабыркагандардан кечирим сурап, аларды Кыргыз Республикасына эс алууга жана реабилитациядан өтүүгө чакырууну өтүнөм. Бизде саламаттыкты калыбына келтирүү жана кызыктуу эс алуу үчүн мыкты шарттар бар. Биз жабыркагандардын учуу жана эс алуусун уюштуруу боюнча бардык чыгымдарын өзүбүзгө алууга даярбыз», – деп өкмөт башчысы баса белгиледи.

 Анын менен бирге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрине Чыңгыз Анарбек уулу менен жолугушуп, ага квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү маселесин чечүүнү тапшырды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.