КР Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери транспорттук контролунун пункттарындагы мыйзамсыз иш-аракеттерди аныктаган. Бул тууралуу финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын “Чалдыбар” ветеринардык, фитосанитардык контролунун жана Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Чүй облусунун Панфилов районундагы “Чалдыбар” салмак көлөмдүк контролдун кызмат адамдары боюнча материал чогултулган. Кызматкерлер кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып,  мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринен жана жеке ишкерлеринен акча опузалап талап кылышкан.

ЭККМК чогулткан материалдар боюнча Чүй облусунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-бер. 2-б. (кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-бер. 1-б. (опузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш ишин козгоду.

Ушул жылдын 1-декабрында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда “Чалдыбар” ветеринардык, фитосанитардык контролдун тескөөчүсү жана “Чалдыбар” салмак көлөмдүк контролдун улук тескөөчүсү кылмыш убагында кармалышкан.

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.