Алматынын райондук сотунда Жогорку кеңештин экс-депутатыны Дамирбек Асылбек уулунун ишин кароо уланды. Бул тууралуу BNews.kz маалымдады.

Сотто экс-депутат Казакстандын жарандыгын тастыктады. Аны менен кошо аткезчиликке шектелип 11 жаран бар, алардын ичинен үчөө Кыргызстандын жарандары, калгандар кошуна мамлекеттин жарандары.

Прокурордун айтымында, 2016-жылдын ноябрында Асылбек уулу депутаттык мандаты менен пайдаланып аткезчи топту түзгөн. Алар Кыргызстандан товарларды Казакстанга жана Орсуияга өткөрүү боюнча шектелген. Кылмыш иштерин ийгиликтүү жыйынтыктоо үчүн кылмышкерлер Алматыдагы мамлекеттик кызматкерлерге ири суммадагы параларды берген.

Экс-депутаттан сырткары, Кыргызстандын жарандары Чынгыз Абакиров жана Улан Мурадилов кармалган. Алардын жактоочулары кылмыш ишти Кыргызстанга өткөрүп берүүнү суранган. Бирок, кылмыш Казакстанда болгондуктан талап четке кагылган.

Эскертсек, 2018-жылдын 15-16-февралында Алматыда, Алматы, Жамбул жана Түштүк-Казахстан областарында аткезчилике шектелген 35 жаран кармалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.