Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталган Марс Бөдөшевдү 20 жылга, анын досу Акмат Сейитовду 7 жылга эркиндиктен ажыратты.

Бөдөшевди Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Ала качуу”) жана 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесип, 800 миң сом айып салды.

Эскертсек, Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Аны ала качкан Марс Бөдөшөв кармалып, Жайыл РИИБнө жеткирилген. Кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салган.

Өлтүрүү боюнча фактысы иликтенгенден кийин, Чүй ОИИББнын жетекчилиги кызматынан бошотулган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.