2018- жылдын  26-сентябрында «Акжол-автожол» көзөмөлдөп өткөрүү жайынын чек арачылары унаанын арткы отургучунун түбүнө жашынып Казахстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Кыргызстандын 1974-ж.т., Р.Ш., аттуу жараны Toyota Estima маркасындагы унаа менен көзөмөл жайынан өтүүгө келген. Чек ара нөөмөткери автотранспортту текшерүү маалында унаанын арткы отургучунун түбүндө жуурканга жашынып жаткан белгисиз жаранды тапкан.

Сурамжылоо маалында белгисиз жаран 1985-ж.т., С.К., аттуу  Кыргызстандын жараны экендиги аныкталып, ага тиешелүү органдар тарабынан өлкөдөн чыгууга чектөө коюлганы белгилүү болду. Ошондой эле кармалган С.К. шарттуу түрдө соттолгондуктан такси айдаган Р.Ш., аттуу айдоочу менен алдына ала акча берип макулдашып, ал Казахстанга өткөрүүнү убада кылган.

Чек арачылар эки жаранды тең кармашып, тиешелүү документтер толтурулган соң укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.