Нарын облусунун Кочкор районунда 2018-жылдын 30-май күнү саат 20:43дө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 250-чакырымында (Сары-Булак айылы) Ауди 100 үлгүсүндөгү мамлекеттик № S2525D унаа жана Хонда Фит үлгүсүндөгү мамлекеттик № 08KG216ASS унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган жерге барышкан. Бул туураалуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Кырсык болгон жерде 3 адам (2 эркек,1 аял) каза болуп, 6 адам оор жаракат алган. Куткаруучулар жаракат алгандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Аты-жөнү такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.