Чүй облусундагы Степное айылында, 6-июлда жергиликтүү тургун 15-жаштагы өспүрүм кызды ала качып зордуктаган. Маалыматты ОИИБнен ырасташты.

Маалымат боюнча, 23 жаштагы жаран өспүрүмдү унаасына салып ала качкан. Кызды никеге зордоп аны кийин зордуктап салган.

Милицияга кыздын атасы кайрылып арыз жазып, ала качкан адамга чара көрүүнү сураган. ОИИБнин кызматкерлери жерине барып, ала качкан адамды кармашкан. Ага карата Кылмыш кодексинин 129 жана 154-беренесинин негизинде иш козголгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.