Чүй облусундагы Ивановка жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы жол кырсыгынан 5 адам көз жумду. Окуя 24-июлда саат 08:15 чамасында болгон. Бул тууралуу ЖККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Башкармалыктын айтымында, «Форд Транзит» автоунаасынын айдоочусу уктап  кетип каршы тарапка чыгып «Тойота-Камри» унаасын сүзгөн. Жеринде эки айдоочу каза тапкан, калган үч жүргүнчү Ысык-Ата районунун ооруканасында көз жумган. Алардын арасында үч жашар наристе бар болчу.

Форддун айдоочусунун атасы билдиргендей, ал түндөн баштап талааны суугарып жүргөн. Уктап калган себеби чарчагандыктан деп басмалаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.