Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында кошуна мамлекеттин жараны кармалды. Ал Кызыл китепке киргизилген шумкарды мыйзамсыз чыгарууга аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдайт.

Казакстандын жараны «Чалдыбар – автожол» өтмөк пунтктунда 22-октябрда кармалган. Анан Mercedes-Benz маркасындагы автоунаасынын арткы отургучунун астында шумкар катылган. Кармалган жарандын жанында кушту алып чыгууга уруксат берген документтери жок экендиги аныкталган.

«Ишке байланыштуу документтер толтурулуп, кармалган жаран жергиликтүү ОИИБин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген”, – деп чек арачылар түшүндүрдү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.