Ысык-Көлдө массалык жол кырсыгына кабылган туристтердин абалы жакшы. Алар 25-ноябрда, кырсык болгон жерден жаракат албаган соӊ, Бишкек шаарын көздөй сапарын улашкан. Бул тууралуу облустук жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын штабынын тескөөчүсү Рысменди Бейшен уулу билдирди.

Анын айтмында авто кырсык кечээ, 25-ноябрда күндүзгү 10:30дар чамасында катталган. Анда Тамга –Каракол жол каттамын башкарып келе жаткан Мерседес-Бенц кичи автобус менен Каракол-Бишкек багытында бараткан Мерседес-Бенц кичи автобусу кагышкан. Бүгүнкү күндө туристтердин абалы жакшы, ал эми коомдук транспорттогу 8 жаран ооруканага жаткырылган.

«Кырсык Жети-Ѳгүз районунун Дыйшын айылынын жол жээгинде катталган. Бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүрүп жатат. Алдынала жыйынтыкка таянсак Караколдон Бишкекти көздөй бараткан туристтерди ташыган унаа жолдон ашып өтүүгө аракет кылып, коомдук транспорттогу жүргүнчүлөр менен кагышкан. Ошол жерде оор жана жеӊил жаракат алгандардын өздүгү такталып, ооруканага 8 адам жеткирилген. Ал эми жабыркабаган туристтер башка унаа менен дароо жолун улап кетишкен», – деди Бейшен уулу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.