УКМК жана ИИМ менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун (ДЭУ) активдүү мүчөлөрү, 1974-ж.т. «М.О.» жана 1993-ж.т. «К.Т.» Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Такталган боюнча кармалган адамдар «Халифат» теократиялык мамлекет түзүүгө чакыруу жана өзүлөрүнүн катарына жаңы мүчөлөрдү алуу менен алектенишкендиги аныкталды.

Кармалган адамдын жашаган жерин санксияланган тинтүүнүн жыйынтыгында «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун көп сандагы тыюу салынган адабияттар, чет тилдеги диний мазмундагы китепчелер жана электрондук алып жүрүүчүлөр табылып алынды.

Азыркы учурда кармалган адамдарга КР Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси боюнча кылмыш иши козголду, тергөө жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.