Баш калаанын Свердлов районунда 2018-жылдын 5-ноябрь күнү саат 21:56да Элебесов көчөсүндө жайгашкан 3 кабатуу контейнерден салынган “Дениз Текстиль” кийим жана кездеме сактоочу кампадан өрт чыккан. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин 5 бөлүмү, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан 4 унаа менен 40 кызматкер, Суу чарба башкармалыгынан 1 суу ташуучу унаа, Чыгыш РЭТтен 1 бригада, Газ чарба кызматынан 2 унаа 5 кызматкер тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында 5-ноябрь күнү саат 23:29да өрт чектөөгө алынып, 6-ноябрь күнү саат 05:10до толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен кийим жана кездеме сактоочу жай толугу менен күйгөн. Жалпы аянты болжол менен 900 м2 күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.