Кочкор-Атада 51-жаштагы аял жарым килограмм баңги заты менен кармалды.

Оперативдүү маалыматтардын негизинде Жалал-Абад ОИИБнин Криминалдык милиция кызматкерлери Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын Кочкор-Ата шаарынын Ленин көчөсүнүн тургуну 51 жаштагы Ю.М аттуу аялдын үйүнө калыстардын катышуусунда тинтүү жүргүзгөн учурда, жашаган үйүнүн ичиндеги шкафтын үстүндөгү нан бышыруучу мечтин ичинде жашырылып турган, атайын оролгон 0,5 килограмм (490 гр)  болгон “гашиш” баңги заты табылды.

Аталган факты боюнча Ю.М аттуу аялга карата К.Рнын Кылмыш Жаза кодексинин 247-беренесинин 3-б. 4-п. менен кылмыш иши козголуп, камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул  айым буга чейин да баңги затына байланыштуу 3 жолу сот жообуна тартылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.