2018-жылдын 4-июнда Баткен облусунун Лейлек районунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр чыкты. Бул тууралуу КР Чек ара кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, тажик чек арачылар Кыргызстандагы “Футбол аянты” участкасына мыйзамсыз кирип кыргызстандыктары кубалап чыгышкан. КР чек арачылары, тажик кесиптештери такаталбаган жерде мыйзамсыз жургөндүктөн чыгып кетүүнү талап кылышкан.

«Бирок Тажикистандын чек арачылары талапты аткарбай, агрессивдүү жүрүп, асманга ок атышты», – деп Чек ара кызматы белгиледи.

Кармалган тажик чек арачылар Тажикстанга берилгени аныкталды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.