Эки колунун учтары толугу менен күйгүзгөн аскер кызматчысы Майлуу-Суу шаарындагы, андан соң Ош шаарындагы ооруканаларга дароо жеткирилген, кийинчерээк Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедиянын күйүк борборуна которулуп, ал жерден оң колу чыканакка чейин ампутацияланган. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, мөөнөттүү аскер кызматынын 1996-жылы туулган жоокери, кызматындагы бир күндүк нөөмөт учурунда электр тогунун көмөк чордонунун аймагына кирет. Көмөк чордондогу тыюу салынган белгиге карабастан С.Р. каралбай калган трансформаторго кирген жана жыйынтыгында электр тогунун соккусуна дуушар болгон.

Учурда аскер кызматчысы керектүү дарылануулардан өтүүдө, борбордун жана КРдин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик госпиталынын аскердик-медициналык башкармалыгынын дарыгерлеринин көзөмөлү алдында.

Ал эми иликтөөнүн материалдары Жалал-Абад гарнизонунун Аскердик прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.