Өткөн ишембиде, Москва шаарындагы “Добрынинская” метро станциянын жанында Орто Азиядан барган 40 мигрант-таксисттер мушташып кетти. Бул тууралуу «Вести.ru» маалымдайт.

«Башында сүйлөшүп жатышкан, күлүп аткандар да болгон. Кийин метронун астындагы аянттан чуркашып мушташып кетишти. Сары таксилер менен тез тезден келип, ошондой эле бат кетип калышты», — деп күбөлөр айтып беришти.

Күбөлөрдүн айтымында, полиция кызматкерлери окуяга киришкен жок. Алдын ала маалымат боюнча, мушташта эки адам жабыркаган. Аларды жердештери ооруканаларга жеткирген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.