Ош облусунун прокурор орун басары Төрө Кожошев өзүнө кол салып каза болду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалымат боюнча, кызматкер асынып алган. Азыркы учурда ведомство окуя боюнча иликтөө иштерин өткөзүп жатат.

Төрө Кожошев 10-сентябрдын түнү каза болгону айтылууда. Кадамынын себеби белгисиз.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.