ИИМдин “Шумкар” атайын бөлүмүнүн кызматкери өз жанын кыюуга аракеттенген келинди куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрда саат 21:30 чамасында милициянын ага сержанты Нурлан Кулданбаев Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөнүн кырында турган келинди байкап калган. Анын ошол жерде турганы шек туудуруп, милиция кызматкери ага чуркап жеткен учурда келин ылдый карай секиргенге аракет кылып, кадам таштаган. Милиционер аны кийминен кармап калууга үлгүргөн. Кызматкерге рота командири Улан Кыдырмаев жана анын орун басары Айбек Жумабаев жардамга келип, келинди куткарып алышкан.

Өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган келин Чүй облусунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталды. Ал мындай кадамга үйдөгү уруштан кийин барганы жана болжол менен эки ай мурун эле турмуш курганы да белгилүү болду. Учурда окуяга байланыштуу кагаздардын баары Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.